Бишкекте балдар сууда сүзүү боюнча жарышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСууда сүзүп жаткан бала. Архив
Сууда сүзүп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу ичиндеги таймашка 14 жашка чейинки курактагылар катыша алат. Бул иш-чара Жеңиш күнүнө арналууда.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкекте балдар арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт деп билдирди КРдин Сууда сүзүү боюнча федерациясы. 

Таймаш 6-7-май күндөрү "Жаштык" бассейнинде болуп, ал улуу Жеңиштин урматына арналат.

Расмий ачылышы 6-майда башталып, ага 2002-жылга чейин туулгандар катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0