Россияда өткөн волейбол турниринде "Ош" командасы биринчиликти илип кетти

© Гулназ БакироваРоссиянын Хабаровск шаарында өткөн волейбол боюнча мелдеште Кыргызстандан барган Ош шаарынын "Ош" командасы биринчиликти жеңип алды.
Россиянын Хабаровск шаарында өткөн волейбол боюнча мелдеште Кыргызстандан барган Ош шаарынын Ош командасы биринчиликти жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жаткан эл аралык мелдеш кыргызстандыктар менен башка улуттардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөөнү максат кылат.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Россиянын Хабаровск шаарында өткөн волейбол боюнча мелдеште Кыргызстандан барган Ош шаарынын "Ош" командасы биринчиликти жеңип алды. Бул тууралуу Замандаш ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 30-апрелден 1-майга чейин уланган волейбол мелдеши Кыргызстандын консулу тарабынан уюштурулган.

Көк бөрү боюнча беттешүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү боюнча таймаш 5-майда башталат
Спорттук таймашка Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн атынан сегиз команда чыккан. Ал эми байге фонду консул Кадырбек Мырзабаев менен Хабаровск шаарында жашап жаткан кыргыздардын демөөрчүлүгү менен каржыланып, 430 миң рублди түзгөн.

Эки күндүн жыйынтыгы боюнча, биринчи орунду "Ош" командасы алып 160 миң рубль сыйлык алышты.

Ал эми экинчи орун Петропавловск-Камчатск аймагынан келген "Аэронавигация" командасына буюруп, 120 миң рубль акчалай байгеге ээ болду. Үчүнчү орунду Хабаровск аймагынын "Хабаровск" курама командасы алып, 100 миң рубль менен сыйланды.

Белгилей кетсек, ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жаткан эл аралык мелдеш кыргызстандыктар менен башка улуттардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөөнү максат кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0