Кыргызстан — Ливан футбол беттешүүсү Бишкекте өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюняа курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюняа курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл расмий оюндардын жоктугунан улам футболдук сегиз беттеш болот.

БИШКЕК, 23-апр — Sputnik. Кыргызстан менен Ливандын ортосунда Бишкекте футбол боюнча жолдоштук беттеш өтөт. Бул туурасында Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тажикстанда өтчү футбол турнирин кыргызстандык айым калыстар тейлейт
Оюн 2-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Быйыл расмий оюндар жок болгондуктан, бул КРдин курама командасы үчүн биринчи жолку жолдоштук беттеш болууда. Акыркы ирет расмий беттеш дүйнө чемпионатына тандоо алкагында Душанбе шаарында өткөн. Анда Кыргызстан Тажикстанды 0:1 эсебинде жеңген. 

Атайын машыгуулар Бишкекте болуп, команданын 23-майдан тарта чогула баштары күтүлүүдө. 

2016-жылы жолдоштук сегиз беттешүү пландалган, анын ичинен алтоосу – Кыргызстанда, экөө – чет жактарда болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0