КР оор атлетчилери бүгүн Ташкенттеги лицензиялык чемпионатка катышат

Жазылуу
Кыргызстандын атынан 16 балбан ат салышууда. Алардын жарымы эркектер болсо, теңи — кыз-келиндер.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча лицензиялык чемпионат башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш 21-30-апрель күндөрү болуп, анда Рио-де-Жанейродо өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат. 

"Мелдеште эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 10 лицензия ойнотулат. Жолдомо алуу үчүн командалык эсепте беш мыкты команданын ичине кирүү керек", — дейт спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Төлөсүн Ысыралиев. 

Ташкентте өтчү мелдеште Кыргызстандын атынан 16 балбан катышып жатат. Алардын жарымы эркектер болсо, теңи — кыз-келиндер. 

Учурда Кыргызстандын эсебинде тогуз жолдомо бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0