Жозе Моуринью "Манчестер Юнайтед" клубу менен 2019-жылга чейин келишим түздү

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Челси" клубунун мурунку машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуринью. Архив
Челси клубунун мурунку машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуринью. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин "Челси" клубун машыктырып, 2015-жылдын декабрь айында кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Челси" клубунун мурунку машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуринью англиялык "Манчестер Юнейтед" клубу менен үч жылдык келишим түздү. Бул тууралуу РИА Новости Bild басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

"Дордой" футбол клубу күйөрмандардын жосунсуз жоругу үчүн айыпка жыгылды
"Манчестер Юнайтед" командасын 2014-жылдан бери голландиялык Луи Ван Гал машыктырып келген.

Аталган клуб 33 турдун жыйынтыгы менен 56 упай топтоп, Англия биринчилигинде бешинчи орун алган. Мындан сырткары команда Чемпиондор Лигасынан да, Европа Лигасынан да четтеген.

Жозе Моуринью буга чейин "Реал Мадрид", "Челси", "Интер" клубдарын машыктырып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0