"Дордой" футбол клубу күйөрмандардын жосунсуз жоругу үчүн айыпка жыгылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСтадиондо пиротехникалык каражатты колдонуу. Архив
Стадиондо пиротехникалык каражатты колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарына кийинки оюнда коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Дордой" футбол клубуна 44 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк футбол калысы Бахадыр Кочкаров Ошто арбитрлерди даярдайт
Жума күнү федерациянын дисциплинардык комитетинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын чемпионатында болгон төрт оюнда тең "Дордой" командасынын күйөрмандарынын тартиби каралды.

Делегаттардын рапорттору боюнча оюн көргөнү келгендер пиротехникалык каражаттарды колдонушкан.

16-апрелде боло турган "Дордой" менен "Алай" командаларынын беттешүүсүндө коопсуздук чараларын күчөтүү укук коргоо органдарына тапшырылды.

Мындай эреже бузуулар каттала турган болсо, "Дордой" клубуна карата санкциялар киргизилип, бир жылга чейин эки оюндан четтетилиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0