Бишкекте аскага чыгуу боюнча шаардын биринчилиги өтөт

Жазылуу
Иш-чара спорттун аталган түрүн жайылтууга жана ден-соолукту чыңдоого багытталат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте жабык жайда аскага чыгуу боюнча шаардын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Кыргызстанды өргө тарткан балакайлар
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 16-17-апрель күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде болот.

Аскага чыгуу мелдеши ылдамдыкка жана кыйынчылыкка карап эки түрдө өтөт. 

Турнирге бардык каалоочулар катышса болот. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат. 

Иш-чара спорттун аталган түрүн жайылтууга жана ден-соолукту чыңдоого багытталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0