Кыргызстандык хоккейчилер малайзиялыктарды да ири эсеп менен утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын хоккеисти оюн учурунда. Архив
Кыргызстандын курама командасынын хоккеисти оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия чакырык кубогунун оюндарында КРдин курамасы Индия менен Катар мамлекетинин оюнчуларын да жеңип алган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстандык хоккейчилер Азия чакырык кубогунда катары менен үч команданы жеңип алды.

Учурда Бишкек шаарында хоккей боюнча турнир өтүп жатат. Анын расмий ачылышы 9-апрелде болгон.

Хоккей боюнча турнир: кыргызстандыктар катарлыктарды кантип жеңди
Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын курама командасы Малайзияны 9:5 эсебинде утуп алган.

Буга чейин Индиянын оюнчуларын 11:1 эсеби менен утса, Катарды 9:0 упай менен жеңип алган. Эми КР оюнчулары 14-апрелде саат 19.00дө Макао менен беттешет.

Кыргызстандын курама командасы бул оюндарга үчүнчү жолу катышып жатат. Жеңишке жеткен командалар Азия чакырык кубогунун жогорку дивизионуна жолдомо алат.

2014-жылы Кыргызстан Азия чакырык кубогунун биринчи дивизионунун оюндарына Индия, Макао жана Сингапурдун курама командалары менен катышкан. Анда кыргызстандык оюнчулар Макаонун командасына утулуп, күмүш медалга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0