Кыргызстанда олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Спортчулар мини-футбол, кол күрөш, оордук көтөрүү, алыш, мушташ, кикбоксинг, ушу саньда, самбо жана таяк тартыш боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча биринчилик өтөт.

Бассейндеги сууда сүзүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР сууда сүзүүчүлөр Дубайдагы турнирде дагы 8 медаль тагынышты
Олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча федерациянын маалыматына ылайык, мелдеш 16-22-май күндөрү Бишкек шаарында өтөт. 

Программада спорттун тогуз түрү камтылган. Анда спортчулар мини-футбол, кол күрөш, оордук көтөрүү, алыш, мушташ, кикбоксинг, ушу саньда, самбо жана таяк тартыш боюнча күч сынашат.

Таймашка Кыргызстандын бардын булуң-бурчунан келген 17 жашка чейинки спортчулар катышат. 

Анын жыйынтыгы менен жалпы командалык орундар аныкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0