Шахмат боюнча Азия биринчилигинде алты жаштагы Чыңгыз Султай күмүш медаль тагынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүШахмат тактасы. Архив
Шахмат тактасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Монголияда шахмат боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат. Анда жети жаш категориясы боюнча спортчулар акыл күчүн сынашууда.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Монголиянын борборундагы шахмат боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык алты жаштагы Чыңгыз Султай күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Кыргыз хоккей курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери индиялык команданын быт-чытын чыгарды
Белгилей кетсек, 5-апрелден 14-апрелге чейин Монголиянын баш калаасы Улан-Батордо шахмат боюнча Азия биринчилиги өтүп жатат. Анда 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жаш категориясы боюнча спортчулар акыл күчүн сынашууда.

Турпановдун айтымында, аталган мелдешке Кыргызстандан 14 спортчу беш машыктыруучунун коштоосунда катышууда.

Азия биринчилиги шахматтын классика, рапид жана блиц түрү боюнча өтүп жатат. Анда алты жаштагы Чыңгыз Султай шахматтын блиц түрү боюнча экинчи орунду камсыз кылган.

"Чыңгыз Султай, Айжан Съездбековалар алты оюндан кийин экинчи келе жатат. Алдыда дагы үч оюн бар", — деди ал.

Турпанов ошондой эле Чыңгыз Исаев, Таалай Жайнаковдор да жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0