Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Барса" менен "Бавария" жеңишке жетти

© REUTERS / Albert GeaБарселонанын оюнчусу Лионель Месси
Барселонанын оюнчусу Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечинде Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан дагы эки жуп кезигет. Анда Германиянын "Вольсфсбург" командасы испандык "Реал" клубун кабыл алса, Франциянын "ПСЖ" клубу Англиянын "Манчестер Сити" командасы менен беттешет.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алгачкы беттештеринде испандык "Барса" менен Германиянын "Бавария" клубдары жеңишке жетти.

Бишкектин Алга клубу жана куршабдык Алдиер беттеши. - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Алга" клубу "Алдиерди" утуп, үчүнчү орунга чыкты
Камп Ноу стадионунда "Барса" мадриддик "Атлетикону" кабыл алып, 2:1 эсебинде утуп алды. Биринчи болуп 25-мүнөттө "Атлетиконун" чабуулчусу Фернандо Торрес эсепти ачса, "Барса" бул голго эки ирет жооп кайтарды. Луис Суарез аталган эки голду өз эсебине жазды. 

Кийинки беттеш Германияда жайгашкан "Альянц Арена" стадионунда болуп, анда "Бавария" португалиялык "Бенфиканы" 1:0 эсебинде утту. Беттеш жаңы башталып, экинчи мүнөттө Артуро Видаль гол жарата алды. 

Бүгүн кечинде Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан дагы эки жуп кезигет. Анда Германиянын "Вольсфсбург" командасы испандык "Реал" кулубун кабыл алса, Франциянын "ПСЖ" клубу Англиянын "Манчестер Сити" командасы менен беттешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0