КР таэквандочулары Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Филиппиндеги турнирге катышат

Жазылуу
Учурда кыргызстандык команда башкы машыктыруучу Ли Сын Гюнун жетекчилиги менен 15-марттан баштап Кореяда машыгууларды өткөрүп жүрөт. Спортчулар ал жакта 13-апрелге чейин болушат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага катышууга уруксат берчү лицензиялык турнирге катышуу үчүн Филиппинге бара турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Оор атлетика чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР оор атлеттери Олимпиада лицензиясы үчүн Өзбекстандагы турнирде күч сынашат
Маалыматка ылайык, турнир 16-17-апрель күндөрү Манила шаарында өтөт. Ар бир өлкөдөн төрт спортчу — эки эркек, эки аял катыша алат. Кыргызстандын атынан эки спортчу барат.

WTF Таэквандо ассоциациясынын директору Валерий Тэндин айтымында, турнирдин финалына чыккан спортчулар Олимпиада оюндарына жолдомо алат. Жалпы жонунан 16 лицензия ойнотулат.

Кыргызстандан 58 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышуу үчүн спорттун чебери Марат Ниязов, ал эми 80 килограммга чейинки салмак категорияда спорттун чебери Акбар Айтахунов барат.

Учурда кыргызстандык команда башкы машыктыруучу Ли Сын Гюнун жетекчилиги менен 15-марттан баштап Кореяда машыгууларды өткөрүп жүрөт. Спортчулар ал жакта 13-апрелге чейин болушат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0