КР оор атлеттери Олимпиада лицензиясы үчүн Өзбекстандагы турнирде күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетика чемпионаты. Архив
Оор атлетика чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицензия алуу үчүн командалык эсепте алдыңкы бешиликке кирүү керек.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы Ташкентте өтө турган лицензиялык чемпионатка катыша турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун айтымында, турнир Ташкент шаарында 21-30-апрель күндөрү өтөт. Анда Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадалык оюндарга лицензия ойнотулат.

"Бардыгы болуп Олимпиадага эркектер жана кыз-келиндер арасында 10 лицензия ойнотулат. Аны алуу үчүн командалык эсепте алдыңкы бешиликке кирүү керек", — деди вице-президент.

Олимпиада белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Эркин Адылбек уулу Риодогу Олимпиадага жолдомо алды
Лицензиялык турнирдин биринчи этабы 2015 жана 2016-жылдардагы чемпионаттын жыйынтыгы менен өткөн. Анда 24 мыкты курама команда Олимпиадага жолдомо алган. Азиядан лицензияга 10 мамлекет — Казакстан (6), КЭДР (6), Кытай (6), Индонезия (5), Өзбекстан (5), Иран (5), Таиланд (4), Корея (4), Вьетнам (3) жана Кытай Тайбэйи (3) лицензияга ээ болгон.

Аталган командалар Азия чемпионатына катышат. Анын жыйынтыгы менен 10 курама команда бирден лицензия алат. 

Кыргызстандын куржунунда азырынча Олимпиадага катышуу укугун берген тогуз жолдомо бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0