Кыргызстандык таэквандочулар Алматыдагы мелдештен 13 медаль менен кайтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчулардын медальдары. Архив
Спортчулардын медальдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы командалык эсепте КР спортчулар экинчи орунду ээлешти. Турнирге бир нече өлкөдөн келген таэквандочулар катышты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын таэквандочулары Алматыда өткөн эл аралык турнирде 13 медаль утуп алышканын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Турнир 30-31-март күндөрү өтүп, ал Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналды.

Бишкектин Алга клубу жана куршабдык Алдиер беттеши. - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Алга" клубу "Алдиерди" утуп, үчүнчү орунга чыкты
WTF таэквандо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаев мелдешке Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган 500дөн ашуун спортчу катышканын белгиледи. 

Кыргызстандыктар тогуз алтын, эки күмүш жана эки коло медаль утуп алып, командалык эсепте экинчи орунду ээлешти.

Ал эми чейрек финалдык оюнда жеңилип калган Кыргызстандын эки спортчусу Бек Абдилакимов менен Иман Азамат уулу жеңишке умтулуусу үчүн диплом менен сыйланышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0