Кыргызстандын дзюдочулары Түркиядагы Гран-при этабында күч сынашат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдочулар. Архив
Дзюдочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан командасынын курамында үч спортчу бар. Бардыгы болуп мелдеште медалдын 14 комплектиси ойнотулат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жума күнү Түркиянын Самсун шаарында дзюдо боюнча Гран-при этабы баштала турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Дзюдо боюнча эл аралык федерациянын расмий сайтында маалымдалгандай, жалпы жонунан мелдеште медалдын 14 комплектиси ойнотулат. 

Кыргызстандык команданын курамында төмөнкү үч спортчу бар:

 

  • Юрий Краковецкий (100 килограммдан ашуун салмак категориясында);
  • Арген Бактыбек уулу (60 килограммга чейин)
  • Бектур Рысмамбетов (66 килограммга чейин).

 

Кыргызстандык делегацияны Дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов жетектеп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0