Жаш шахматчылар Азия биринчилигинде күч сынашат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүШахмат оюну. Архив
Шахмат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атынан чемпионатка 8 спортчу катышат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Монголияда өтө турган шахмат боюнча Азия чемпионатына балдар жана өспүрүмдөр бара турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт боюнча агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 5-16-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өтөт. Кыргызстандан аталган чемпионатка башкы машыктыруучу Азиз Умарбековдун жетекчилиги алдында 8 шахматчы барат.

Буга олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция 659 миң 451 сом бөлүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0