Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсү бүгүн Душанбеде өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Таджикистан футбол беттешүүсү. Архив
Кыргызстан — Таджикистан футбол беттешүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн кечинде шаардык борбордук стадионунда болот.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн, 29-март күнү Тажикстан менен Кыргызстан командаларынын оюну өтөт.

Беттешүү Кыргызстан үчүн 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы акыркы оюн болуп саналат. Ал борбордук стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө башталат.

Тажикстандык футболчулардын машыктыруучусу ооруканага жаткырылды
Кыргызстан "В" тайпасында үчүнчү орунда ишенимдүү келе жатат. Аталган беттешүүнүн жыйынтыгы кыргызстандык футболчулардын позициясына эч кандай таасир тийгизбейт. Бирок команда Дүйнө чемпионатынын кийинки этабына чыга албай калганы менен 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатынын квалификациялык туруна түз чыгууга зор мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстандык команда Душанбеге 27-март күнү келген.

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 18 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 16 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0