КР футболчулары Тажикстан командасына каршы кызыл кийимчен ойнойт

© пресс-служба Федерации РТФутболисты сборной КР и РТ демонстрируют форму
Футболисты сборной КР и РТ демонстрируют форму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюн шейшемби күнү Душанбе шаарында өтөт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын футболчулары Тажикстан менен боло турган беттешүүгө кызыл кийим кийип чыга турганын Футбол федерациясы билдирди.

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын беттешүүсү 29-мартта Душанбе шаарында болот. Бул КР командасынын квалификациялык турдагы акыркы оюну.

Дүйшөмбү күнү оюн алдындагы кеңеш өтүп, анда командалардын кие турган формасы бекиген.

Ырчы Омурбек Жанышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футболчуларды колдоо үчүн кыргызстандык ырчы-чоорчулар Душанбеге барышат
Ага ылайык, Кыргызстандын футболчулары кызыл футболка, кызыл бут кийим жана ак түстөгү чолок шым киет. Дарбазачынын кийими жашыл өңдө, ал эми бут кийими кара түстө болот.

Ал эми тажикстандыктардын футболкасы менен бут кийими ак түстө болсо, шортасы кызыл болот. Дарбазачынын формасы жалаң көк түстө болору айтылууда. 

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 18 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 16 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

Аталган беттешүүнүн жыйынтыгы кыргызстандык футболчулардын позициясына эч кандай таасир тийгизбейт. Бирок команда Дүйнө чемпионатынын кийинки этабына чыга албай калганы менен 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатынын квалификациялык туруна түз чыгууга зор мүмкүнчүлүк алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0