Сынак: күйөрмандардын видеоролиги көбүнчө төрт футболчуга арналган

© Sputnik / Табылды КадырбековФуболчулар оюн учурунда. Архив
Фуболчулар оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак февраль айынын соңу менен Футбол федерациясы тарабынан жарыяланган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Күйөрмандар видеороликтерин көбүнесе төрт кыргызстандык футболчуга арнаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Федерация февраль айынын соңу менен күйөрмандардын мыкты видеоролиги үчүн сынак жарыялаган. Ага ылайык, футбол фанаттары каалаган тилде бир мүнөөтөн ашпаган ролик тартып федерациянын дарегине жөнөтүшү керек эле. Мыкты эмгек интернет-басылмаларга жана федерациянын сайтына жайгаштырылмак.

Конкрус кечээ аягына чыкты. Угрюмованын айтымында, жалпы жонунан 30 ролик келип түшкөн. 

"Роликтер негизинен Антон Землянухин, Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев жана Бахтияр Дүйшөбековдун дарегине келген", — дейт ал. 

Эң мыкты болуп Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына арналган Элвира Акимова аттуу күйөрмандын ролиги аталды. 

Учурда улуттук команда Тажикстанда болуучу оюнга даярдык көрүп жатат. Беттешүү 29-мартка белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0