Көк бөрү: "Сары-Өзөн" майрамдык мелдештин жеңүүчүсү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү оюуну учурунда. Архив
Көк бөрү оюуну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноорузга карата уюштурулган мелдештин финалдык бөлүгү дүйшөмбү күнү шаардык ипподромдо өттү.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. "Сары-Өзөн" командасы көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүсү болду. 

"Ала-Тоо" аянтындагы сүмөлөк жана ыр күлкү. Нооруз майрамы белгиленди
Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен Оштун "Достугунун" ортосундагы финалдык оюн дүйшөмбү күнү "Ак кула" ипподромунда өттү. Негизи турнир 15-мартта башталган.

Башкы беттеште Чүйдүн командасы күчтүү экенин далилдеп, мелдешти 11:5 эсеби менен утуп алды.

Көк бөрү — байыртан келе жаткан улуттук оюн болуп саналат. Эки жаатка төрттөн болуп бөлүнгөн эки команда улакты бири-биринин казанына салуу үчүн далалат кылат. Оюн ар бир таймы 20 мүнөттөн созулган эки бөлүктөн турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0