Кыргызстандык балбан Мусаев казак балбанынан жеңишти "жулуп" алды

© AP Photo / Paul SancyaКыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев. Архив
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин күрөш боюнча балбан атаандашынын акыркы мүнөттөрдө эсин оодарып, жеңишке жетишти.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев Астанада өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнир Казакстандын Астана (Казакстан) шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 17 балбан катышууда.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мурат Рамонов Астанада өткөн турнирде күмүш медалга татыды
97 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан Магомед Мусаев финалдык беттеште казакстандык Мамед Ибрагимов менен кармашты. Биринчи таймда кыргызстандык спортчу 2:0 эсебинде утулган, бирок, экинчи таймда казакстандык балбанды 3:2 эсебинде утуп, чемпион болду.

Буга чейин алтын медалды Айсулуу Тыныбекова менен Жанарбек Кенжеев алган. Ошондой эле Астанада өткөн эл аралык лицензиялык турнирде кыргызстандык төрт балбан Рио-де-Жанейродо өтчү Олимпиадага жолдомо алышкан.

Кырызстан былтыр төрт лицензия уткан. Жалпысынан кыргызстандык спортчуларда сегиз жолдомо бар. Жайкы Олимпиадалык оюндар 5-21-август күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0