Кыргызстандык балбандар Мусаев менен Рамонов Олимпиадага лицензия алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин балбан Жанарбек Кенжеев Астанада өтүп жаткан турнирде лицензия уткан болчу. Эми Кыргызстанда жалпысынан жети лицензия бар.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Магомед Мусаев менен Мурат Рамонов Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензия утуп алышты.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнир Астана шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 17 спортчу катышууда. Буга чейин бул турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев лицензия уткан болчу.

Эркин күрөш боюнча балбан Мусаев жарым финалдык оюнда Индиядан келген атаандашын 4:3 эсебинде утуп алган. Эми ал финалдык беттеште казакстандык Мамед Ибрагимов менен чыгат.

Бишкекте 14 мамлекеттин спортчулары алыш боюнча таймашат
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Мурат Рамонов жарым финалдык оюнда Өзбекстандан келген Мунинжон Абдуллаевди 4:0 эсебинде утту. Эми ал финалдык оюнда казакстандык балбан Нурмахан Тыналиев менен беттешет.

Турнирдин регламенти боюнча финалга чыккан балбандарга Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн дароо жолдомо берилет.

Буга чейин эркин күрөш боюнча балбан Самат Надырбек уулу коло медаль утуп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомого ээ боло албай калган.

Жайкы Олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Анда спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан бул оюндарга Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (бардыгы жеңил атлетчи), ошондой эле, грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев лицензия алышкан.балбан,

Жаңылыктар түрмөгү
0