Кыргызстандын жаш альпинисттери өз ара таймашка чыгат

Жазылуу
Чемпионат 10 жаштан баштап бардык альпинисттер үчүн ачык.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте жабык жайларда аскага чыгуу боюнча борбор калаанын чемпионаты өтө турганын шаардык спорт комитет билдирди.

Турнир 26-27-март күндөрү Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде болот. Спортчулар өз ара аскага чыгуу ылдамдыгы жана катаалдыгы боюнча таймашат. Ага жаш альпинисттерден баштап тажрыйбалуу спортчулар да катыша алат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланмакчы. Иш-чараны шаардык спорт комитети Альпинизм федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0