Крестинин тажик футболчулары менен ойной турган курамды атады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командада 23 футболчу болот. Машыгуулар 19-мартта башталат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Тажикстан менен оюн талаасына чыгуучу оюнчуларды атады. Беттешүү 29-мартка белгиленген.

Матчка 23 футболчу даярданып жатат.

Дарбазачылар: Павел Матяш (УиТМ ФК, Малайзия), Валерий Кашуба ("Алай" ФК), Руслан Амиров ("Алга" ФК).

Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан — Кыргызстан оюнуна билет баасы 9 миң сомдон ашты
Коргоочулар: Азамат Байматтов ("Ситра" ФК, Бахрейн), Тамирлан козубаев ("Ягодияна" ФК, Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень" ФК, Россия), Виктор Майер ("Меппен" ФК, Германия), Курсан Шератов, шерзот Шакиров, Дэниел Того ("Дордой" ФК), Турсунали Рустамов ("Алай" ФК).

Жарым чабуулчулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы" ФК, Белоруссия), Фархат Мусабеков ("Академия" ФК, Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба" ФК, Оман), Ахлидин Исраилов ("Динамо-2" ФК, Украина), АНтон Землянухин ("Сисаке", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия).

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").

Ушундай курам менен улуттук команда 19-мартта машыгууларын баштайт. 

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 15 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 13 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0