Бишкекте ат спорту боюнча шаар чемпионаты башталат

Жазылуу
Иш-чара Олимпиада резервинин спорт мектебинде өтөт. Чемпионат үч күнгө созулуп, 14-мартта аяктайт.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 11-март күнү ат спорту боюнча ачык чемпионат баштала турганын шаардык мэрия билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына АКШ менен Австралиянын түпкү жашоочулары чакырылат
Маалыматка ылайык, мелдеш аталган спорттун эки түрү — конкур (ар кандай тоскоолдуктардан өтүү) жана атта жүрүү өнөрү боюнча өтөт.

Үч күнгө созулуучу спорттук иш-чара мэриянын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0