Кыргызстандык спортчу Ибраимов Грозныйда эл аралык беттешке чыгат

Жазылуу
Рыскулбек Ибраимов буга чейин Евразия менен дүйнөнүн чемпиондугун жеңип алган. Бул спортчу үчүн Absolute Championship Berkut алкагындагы алгачкы беттешүү болмокчу.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Рыскулбек Ибраимов ABC баш байгеси үчүн күрөшөт деп билдирди машыктыруучу Нургазы Амиракулов.

ABC алкагындагы (Absolute Championship Berkut‏) беттеш Грозный калаасында 9-мартта өтөт. Бул эрежесиз эр уруш оюндары аралашкан турнир.

"Рыскулбек Ибраимов 61 килограмм салмактагы спортчу катары чыгат. Анын атаандашы – россиялык Мурад Каламов. Ибраимов үчүн ABC боюнча бул биринчи беттешүү", — дейт Амиракулов.

Ибраимов — самбо боюнча Евразиянын, ал эми мушташ өнөрү боюнча дүйнөнүн чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0