Тайбоксчу Валентина Шевченко мыкты уруш көрсөтүүгө белсенип жатат

© Фото / пресс-служба федерации тайского бокса КРКыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулардын салмагы боюнча Кыргызстандык тайбоксчу атаандашынан жеңил болуп чыккан.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко бразилиялык Аманда Нуньенс менен беттешип, мыкты уруш көрсөтүүгө белсенип жатканын анын машыктыруучусу Павел Федотов билдирди.

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде. - Sputnik Кыргызстан
Канжалаган мурун жана жеңиштин даамы – сүрөттө калган мушкерлердин эмоциялары
UFC 196 (Абсолюттук жоокердик чемпионат) алкагындагы беттешүү 5-март күнү Лас-Вегас шаарында өтөт. Убакыттагы айырмачылыктан улам мелдешти жекшемби күнү саат эртең мененки тогузда көрүүгө болот.

Тайбокс федерациясы ишемби күнү спортчулар таразага түшкөнүн маалымдайт. Натыйжада Шевченко 134, ал эми атаандашы Нуньенс 136 фунт экени белгилүү болгон.

Турнирдеги Конар Мак Грегор менен Нейт Диастын титулу үчүн ат салышуу негизги окуялардан болуп калмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0