Аким: бостериликтер Көчмөндөр оюндарын үзгүлтүккө учуратпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековСалбурун оюну учурунда. Архив
Салбурун оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айылдагы таштанды жайынан улам жергиликтүү жашоочулар митингге чыга турганы айтылган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айыл тургундарынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын үзгүлтүккө учуратуу оюнда жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын качан өтөрү белгилүү болду
Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев жергиликтүү жашоочулар айыл четиндеги таштанды жайынан улам нааразылык акцияларына чыгуусу мүмкүн экенин айткан. Маалыматка ылайык, элет тургундары таштанды полигонун беш чакырым алыстыкка жайгаштырууну талап кылышууда. 

Имангазиевдин айтымында, бул маселе боюнча чууну жергиликтүү тургундар эмес, көбүнесе Бишкекте жашаган айылдагы дачалардын ээлери көтөрүүдө. Аким былтыр премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен аталган таштанды полигону 100 метрден 700 метрге чейин жылдырылганын белгиледи.

"Андан ары жылдыра албайбыз. Жер жок. Эски жайды иретке келтирдик, ал жер азыр таза болуп калды. Колубуздан келген нерсенин баарын жасадык. Дача ээлери жай айында пайда болуучу жытка нааразы болуп жатышса керек", — деди район башчысы.

Аким айылда 50гө жакын дача үйлөрү бар экенин маалымдады. Ал Көчмөндөр оюндарын үзгүлтүккө учуратуу боюнча айтылгандан кийин жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп кайткан.

"Акыйкатчыга телефон чалып айтышса керек. Мен аны менен таптакыр байланыша албай койдум. Келип баарын өз көзү менен көрүп кетсеби дегем. Жашоочулар оюндарды тескерисинче колдоп жатышат. Райондо даярдык иштери жүрүүдө", — деди Имангазиев.

Көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Анын программасына улуттук спорттун 26 түрү кирди. Мелдешке катышуу үчүн 40 команданын келүүсү күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0