Волейбол боюнча өлкө биринчилигиндеги оюндардын убактысы аныкталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол топтору. Архив
Волейбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин күчтүү комдалары "Салам-Алик" менен "Жаңы-Муун" 12-мартта беттешет.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте өлкөнүн волейбол боюнча клубдар аралык мелдешинин үчүнчү туру өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол оюнчулары Бангладеш менен беттешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футбол командасы FIFA рейтингиндеги ордун сактап калды
Кыргызстандын эркектер аралык клубдарынын жогорку жана улуттук лигасынын үчүнчү туру 9-13-март күндөрү болот.

Жогорку лигада биринчилик үчүн беш команда күч сынашууда. Экинчи турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча жогорку лигада Жалал-Абаддык "Динамо" командасы камчы салдырбай келе жатат. 

Улуттук лигада алты команда атаандашып, экинчи турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүк "Жаңы-Муун" клубу алдыда келүүдө. 

Үчүнчү турдагы оюндардын расписаниеси:

9 март

  • 9:30 "Жалын" — "Улар"
  • 11:00 "Кадамжай" — "Ош"
  • 12:30 "Жети-Суу" — "Жаңы-Муун"
  • 14:00 "Ош Бажы" — "Дархан ОшТУ"
  • 15:30 "Салам-Алик" — "Нацгвардия"

10 март

  • 9:30 "Ош" — "Динамо"
  • 11:00 Кадамжай" — "Улар"
  • 12:30 "Салам-Алик" — "Жети-Суу"
  • 14:00 "Нацгвардия" — "Дархан ОшТУ"
  • 15:30 "Ош Бажы" — "Жаны-Муун"

11 март

  • 9:30 "Динамо" — "Кадамжай"
  • 11:00 "Жалын" — "Ош"
  • 12:30 "Салам-Алик" — "Дархан ОшТУ"
  • 14:00 "Ош Бажы" — "Жети-Суу"
  • 15:30 "Жаны-Муун" — "Нацгвардия"

12 март

  • 9:30 "Динамо" — "Жалын"
  • 11:00 "Ош" — "Улар"
  • 12:30 "Дархан ОшТУ" — "Жети-Суу"
  • 14:00 "Салам-Алик" — "Жаны-Муун"
  • 15:30 "Нацгвардия" — "Ош Бажы"

13 март

  • 9:30 "Улар" — "Динамо"
  • 11:00 "Жалын" — "Кадамжай"
  • 12:30 "Дархан ОшТУ" — "Жаны-Муун"
  • 14:00 "Салам-Алик" — "Ош Бажы"
  • 15:30 "Нацгвардия" — "Жети-Суу"

Спорт сүйүүчүлөрүнүн айтымында "Салам-Алик" — "Жаны-Муун" командаларынын беттеши көпчүлүктүн бүйүрүн кызытат.

Жаңылыктар түрмөгү
0