Альпинизм боюнча Бишкектин чемпионаты башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча капчыгайындагы альпинист. Архив
Ала-Арча капчыгайындагы альпинист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара дене тарбия жана спорт комитети тарабынан альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

БИШКЕК, 1-март. — Sputnik. Бүгүн Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты башталганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-15-март күндөрү өтө турган мелдешке спорттук клубдардын, дене тарбия коллективдеринин, коммерциялык уюмдардын жана жеке спортчулар катышмакчы.

Иш-чара дене тарбия жана спорт комитети тарабынан альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы менен биргеликте уюштурулуп, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана аталган спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0