КР футболчуларын колдоого багытталган видеороликтердин сынагы жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын күйөрмандары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөрмандар улуттук команданы колдогон роликтерин Футбол федерациясынын дарегине жөнөтсө болот.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда футбол күйөрмандары үчүн мыкты видеороликке сынак жарыяланды.

"Кара жоргону" катырган "кара тору" футболчу дүйнөлүк чемпионатта гол киргизсем деп самайт
Футбол федерациясынын маалыматы боюнча, күйөрмандар Кыргызстандын курама командасынын оюнчуларын колдоо иретинде роликтерди тарта алышат. Мында роликтер жакшы сапатта тартылып, убактысы бир мүнөттөн ашпашы керек. 

Фанаттар тарабынан жөнөтүлгөн иштердин мыкты деп табылган 10 ролиги телеканалдардан берилип, интернет басылмаларда жана Футбол федерациясынын сайтына жайгаштырылмакчы.

Даяр роликти press@ffkr.kg сайтына жиберүүгө болот. Мында 21-мартка чейин тартылган роликтер эч жерде жарыяланбашы шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0