Кыргызстандык футзалчылар япондорду 6:2 эсебинде утуп алды

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул оюн 2016-жылы Колумбияда өтүүчү футзал боюнча дүйнө биринчилигине жолдомо алуунун алкагында болду. Кыргызстан дагы бир команданы жеңсе, аталган дүйнө биринчилигине жолдомо алат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы япон оюнчуларын 6:2 эсебинде утуп алды. 

Бул оюн 2016-жылы Колумбияда өтүүчү футзал боюнча дүйнө биринчилигине жолдомо алуунун алкагында болду. Кыргызстан дагы бир команданы жеңсе, аталган дүйнө биринчилигине жолдомо алат. 

Буга чейин аталган эки команда Азия биринчилигинин алкагында тогуз ирет кез келип, кыргызстандык футболчулар бир дагы ирет жеңген эмес. 

Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки балбан Азиянын чемпиону аталышты
КРдин Футбол федерациясы билдиргендей, япондор менен болгон акыркы беш оюнда алар Кыргызстанга 14 гол киргизишкен. 

Кечээ күнү Азия биринчилигинин чейрек финалында Кыргызстандык футболчулар Ирандын командасына 7:0 эсебинде утулушкан.

Азия биринчилигинде жарым финалга Иран, Өзбекстан, Вьетнам жана Таиланд командалары өтүштү. Алар автоматтык түрдө футзал боюнча дүйнө биринчилигине жолдомо алышты. 

Кыргызстан аталган биринчиликте медаль алуу укугун жоготкону менен дүйнө биринчилигине жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0