Футзал: кыргызстандык эки оюнчу Азия чемпионатында рекорд жарытты

© Sputnik / Табылды КадырбековФорма футболиста сборной Кыргызстана. Архивное фото
Форма футболиста сборной Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын оюнчулары Нуржан Жетибаев жана Николай Шамонин финалдык оюндарга эң көп катышкан.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын оюнчулары Нуржан Жетибаев жана Николай Шамонин финалдык оюндарга эң көп катышкан оюнчу болуп рекорд жаратышканын КРдин футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Азыркы Азия биринчилиги кыргызстандык оюнчулар үчүн он экинчиси. 

"Алга, Кыргызстан!" — чейрек финалга чыккан футзалчылар маңдайы жарыла сүйүнүштү
2016-жылкы Азия биринчилигинин алкагында үч оюнда тең Нуржан Жетибаев команданын курамында ойноду. 36 жаштагы Николай Шамонин азырынча мелдеште оюн көрсөтө элек. 

Кыргызстан чейрек финалда чемпионаттын алдыңкы командасы болгон Ирандын курамасы менен кезигет.

Мелдештеги алдыңкы беш команда 2016-жылы Колумбияда өтүүчү футзал боюнча дүйнө биринчилигине жолдомо алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0