UFC: Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен беттешет

© федерация тайского бокса КРКыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кармашка кыргызстандык Шевченко Таиландда эжеси Антонина менен биргеликте даярдык көрүүдө. Мушташ март айында өтөт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко UFC турниринин алкагында бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен беттешерин КРдин тайбокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, беттеш 2016-жылдын 5-мартында Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул күнү учурдагы чемпион америкалык Холи Холм менен биринчиликке атаандашып жаткан бразилиялык Рафаэлем дос Аньостун кармашуусу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытаары күтүлүүдө.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан футзал боюнча Азия чемпионатынын плей-офф оюндарына чыкты
Валентина Шевченко өткөн жылдын декабрь айында UFC турниринин алкагында "Strikeforce" чемпиону Сара Кауфманды жеңип алган.

Валентинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, мушкер бул кармашка Таиландда эжеси Антонина менен биргеликте даярдык көрүүдө.

Машыгуу жогорку деңгээлде өтүп жатканын федерация билдирди.

Шевченконун атандашы Аманда Нуньес 61 салмактагы мыкты беш мушкердин катарын толуктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0