Кыргызстандык дзюдочулар Австрияда өтүп жаткан турнирге катышууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЕвропейские игры. Дзюдо. Второй день
Европейские игры. Дзюдо. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын ачык чемпионатына 50дөн ашык мамлекеттен келген спортчулар катышууда. Кыргызстандык үч спортчунун экөө байгелүү орундарга илинген жок.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандык үч дзюдочу Австрияда өтүп жаткан турнирге катышып жатканын КР дзюдо федерация билдирди.

Европанын ачык чемпионаты Оберварт шаарында өттүдө. Ага 50дөн ашык мамлекеттин спортчулары катышууда.

Кыргызстандык дзюдочулар Арген Бакытбек уулу менен Отар Бестаев 60 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Кыргызстандык футзалчылар өзбектерге алдырып койду
Бакытбек улуу биринчи беттеште мексикалык Набор Кастильону утуп, андан соң азербайжандык Элбурс Замановду уткан. Бирок, жарым финалга чыгуу үчүчн болгон беттеште австралиялык Людвик Пейшерге утулуп калган. Сооротуучу беттеште ал бразилялык атаандашын жеңе алган жок. Жыйынтыгында жетинчи орунга татыды.

Ал эми Отар Бестаев дагы алгачкы кармашында палестиналык Симон Якубду уткан. Экинчи атаандашы арегентиналык Эрнан Бирбриерди жеңгени менен жарым финалга чыгуу үчүн болгон беттеште азербайжандык Давид Мамадсойго утулду. Сооротуучу беттеште португалиялык Нуно Карвальону жеңе алган эмес. Жыйынтыгында бешинчи орунга татыды.

Ал эми жекшемби күнү Владимир Золоев 80 килограмм салмакка чейинки категория боюнча беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0