Футзал боюнча Испания жетинчи жолу Европанын чемпиону болду

© AFP / ANDREJ ISAKOVICИспаниянын футзал боюнча курама командасы.
Испаниянын футзал боюнча курама командасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испандыктарга утулган Россиянын командасы күмүш байгеге татып, үчүнчү жолу экинчи орунду камсыз кылды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Испания футзал боюнча Европанын жети жолку чемпиону болгонун Р-Спорт билдирди.

Кыргызстандык футзалчылар өзбектерге алдырып койду
Сербияда өткөн финалдык беттеште испандыктар орустар менен беттешип, 3:7 эсебинде жеңишке жетти.

Ошентип жеңишти колдон чыгарган Россиянын командасы үчүнчү жолу күмүш медалга татыды. Буга чейин 2012, 2014-жылдары экинчи болушкан.

Ушул күндөрү Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Анда 16 команда чемпиондук үчүн ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0