Февралда кыргызстандык дзюдочулар Европаны кыдырат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСпорчулар дзюдо чемпионаты учурунда. Архив
Спорчулар дзюдо чемпионаты учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү спортчулар Европанын беш өлкөсүнө барат. Ал жакта эл аралык мелдештер өтөрү белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Февраль айында жергиликтүү дзюдочулар Европа өлкөлөрүндө өтө турган эл аралык бир нече турнирге катыша турганын Дзюдо боюнча федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-6 февраль күндөрү Арген Бакытбек уулу Францияда өтө турган Grand Slam PARIS 2016 турниринде күч сынашат.

Кыргызстандык гимнаст кыз Канададагы турнирдин жеңүүчүсү болду
Андан кийин 13-14-февралда Австриянын Оберварт шаарында Европанын ачык Кубогу үчүн Кыргызстандан жети кишиден турган топ ат салышат.

Ушул эле топ 19-20-февраль күндөрү Германияда өтө турган Grand Prix Düsseldorf 2016 турнирине катышып, 27-28-февралда Чехиядагы турнир менен аяктайт.

Мындан тышкары, 27-28-февраль күндөрү Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган Европанын ачык Кубогуна айымдар күч сынашып, ага Кыргызстандан Ксения Бельдягина барары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0