Кыргызстандык футболчулар Шериктештик кубогунда молдовалыктардан утулуп калды

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасынын куржунунда бир жеңиш менен бир утулуу бар. Алдыда Казакстан менен беттешүү турат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жаштар командасы Шериктештик кубогунда молдовалык футболчулардан утулуп калды.

Тайпалык этаптын экинчи оюну шейшемби күнү Санкт-Петербург шаарында өттү. Командалар биринчи танаписке эсепти ачпай чыгышты. Экинчи таймдын башталышында молдовалыктар сол жактан гол киргизүүгө жетишти. Кийинки топту атаандаш оюн бүтө жаздап калганда киргизди. Беттешүү 0:2 эсеби менен аяктады.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар белорустардан күчтүү экенин далилдешкен (1:0). Үчүнчү жолкусунда кыргыз командасы казактар менен беттешип, ал 21-январда өтөт. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинен бир тепкичке төмөндөйт
Тайпада алты упай менен Молдованын курама командасы алдыда келе жатат. Андан кийин кыргызстандык футболчулар үч упай менен турат. Белоруссия менен Казакстандын курама командалары учурда оюн талаасында күч сынашып жатат. Азырынча аларда бир да упай жок.

1993-жылдан баштап турнирге улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү болгон мурунку Советтер Союзу республикаларынын футболдук клубдары катышып келет. 2012-жылдан тарта турнирдин тартиби өзгөрүп, мамлекеттердин жаш футболчулары ойной баштаган. 2012-2013-жылдары Кубок россиялыктарга тийсе, 2014-жылы украиналыктар мыкты аталган. 

2015- жылдын турнирин оюнга конок катары чакырылган Түштүк Африка Республикасы жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0