Кыргызстандык футболчу Омандын клубуна өтүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама команданын формасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама команданын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оман биринчилигинде кыргызстандык эки футболчу ойнойт. Эдгар Бернхарддан сырткары былтыр "Алга" тобунда ойноп, бир нече гол киргизген чабуулчу Иван Филатов өттү.

БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама тобунун чабуулчусу Иван Филатов Омандын "Сохар" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Иван Филатов 2015-жылы "Алга" тобунун курамында ойногон. Ал аралыкта футболчу 12 гол киргизген. Мындай жыйынтыктан кийин оюнчу кыргыз улуттук курма тобуна чакырылган. Анда Австралияга каршы команданын негизги курамында ойногон.

"Улуттук команданын чабуулчусу Иван Филатов омандык "Сохар" тобуна өтүп кетти", — деп айтылат Футбол федерациясынын маалыматында.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинен бир тепкичке төмөндөйт
Бир жылдык келишимге жекшемби күнү кол коюлду.

"Сохар" футбол клубу 2014/2015-жылдары Омандын жогорку чемпионатында 12-орунга ээ болгон. Быйыл Филатовдун жаңы клубу үчүнчү орунду ээлеп турат. Омандын жогорку лигадагы чемпиондугуна жалпысынан 14 футбол командасы катышат.

Ал эми Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт Омандын чемпиону "Аль-Оруба" тобунун курамына кошулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0