Кыргыз футболчусу Эдгар Бернхардт Омандын чемпиону менен келишимге кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол оюнчусу Эдгар Бернхардт. Архив
Кыргызстандын футбол оюнчусу Эдгар Бернхардт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин футболчу Таиланддын клубунда ойноп келген.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт омандык "Аль-Оруба" клубунда ойномой болду. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Келишимге кечээ, 17-январда кол коюлду. Футболчунун бул клубда канча убакытка чейин ойноору так аныктала элек. 

Кыргызстандык Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышуу үчүн Японияга жол алды
Бернхардт 2015-2016-жылдардагы сезондо Таиланддагы чемпионаттын биринчи лигасында жергиликтүү "Prachuap" командасынын курамында ойногон. Ал 18 беттешке катышып, бир ирет гол киргизген. 

"Аль-Оруба" клубу – Оманда азыр чемпион жана чемпионаттын биринчи айлампасында лидерликти эч кимге бербей келе жатат. Быйыл Азиянын футбол конфедерациясынын Кубогунда ойнойт. 

Бернхардт азыркы келишимге ыраазы. Ал Таиланд менен Индиянын клубдарынан сунуштар болгондугун, бирок, шарты жакпагандыгын айтты. 

"Оман клубунун агенттери менин оюндарымдын видеожазууларын көрүп, байланышка чыгышты. Жаңы оюнчу катары командага тааныштырыша элек, бирок, ал жакында болот. Азырынча канчанчы номурда ойноорум да белгисиз",— деди Бернхардт.

Оюнчу мурдагы клубдаштары жаңы жерде ага жаңы ийгиликтерди каалагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0