Футбол боюнча КРдин жаштар курама командасы Ынтымак кубогунда белорустарды утту

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын жаштар курама командасы. Архив
Кыргызстандын жаштар курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ынтымак кубогунда Кыргызстандын жаштар курама командасы жеңиш менен баштады. Баштапкы оюнда алар белорустарды утуп алды.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Ынтымак кубогунда белорустарды утуп алды.

Месси бешинчи жолу "Алтын топту" алып, жаңы рекорд жасады
17-январда Санкт-Петерубург шаарында Ынтымак кубогу башталды. "А" тайпасында биринчи беттеш Кыргызстан менен Белорусcиянын ортосунда болду.

Айып тобун тебүүдө биринчи жана акыркы голду 39-мүнөттө Ахлидин Исраилов тээп киргизди. Ошентип оюн 1:0 эсебинде кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандын курама командасын кийинки оюнун 19-январда Молдова менен ойнойт. 21-январда Казакстан менен беттешет.

23-январда мелдештин финалдык оюндары өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0