Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылады

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол боюнча Кыргызстандын курамасы. Архив
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айындагы рейтингде Кыргызстан татыктуу түрдө 108-орунга чыккан. Жаңы рейтингде бир орун алдыга жылды.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылап, бир тепкич жогорулап, 107-орунду ээледи. Бул тууралуу КР Футбол федерациясы билдирди.

Александр Крестинин машыктырган КРдин футбол командасы декабрь айындагы FIFAнын рейтингинде 108-орунга татыган. Бул көрсөткүч менен улуттук курама команда 2006-жылкы 119-орундан 11 орун алдыга жылган.

Жыл жыйынтыгы:кыргыз спортунун дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери
2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдан 7-январына чейин КР улуттук командасы расмий матчтарды өткөргөн эмес. Рейтингдин жогорулоосу Түштүк Кореянын өз ордун (2015-жылдын 3-декабрындагы рейтингде 105-орунда болчу) сактап кала албай калышы себеп болгон.

2018-жылы боло турчу Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларында Кыргызстандын атаандашы болгон Австралия 59-орунда, Иордания 86-орунда жана Тажикстан 148-орунду ээлеген. Ал эми Бангладеш өз көрсөткүчүн 3 орунга жакшыртып, 179-орунга татыды.

Айдын эң мыкты курама командасы болуп Тайланддын командасы табылды. Ал 12 орун жогорулап, 121-орунга илинди. Ал эми эң начар деп Кубанын командасы аталды. Алар 45 орун төмөндөп кеткен (136-орун).

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан 13-орунду ээледи.

Ал эми жалпы рейтингде алдыңкы үч илтик өзгөргөн жок. Бельгия, Аргентина менен Испания өз ордуларында калды. Эми рейтинг кийинки жолу 4-февралда жаңыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0