Россиянын атынан чыккан Жефф Монсон алгачкы беттешүүсүн алдырып койду

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРоссиянын атынан чыккан ММА мушкери Жефф Монсон камерундук Дональд Нджатаха менен болгон беттешүүсүндө.
Россиянын атынан чыккан ММА мушкери Жефф Монсон камерундук Дональд Нджатаха менен болгон беттешүүсүндө. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жефф Монсон атаандашынан бир нече сокку жеп, андан кийин камерундук Нджатаханын бир койгонунан нокаутка кетти.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. ММА мушкери камерундук Дональд Нджатахадан утулуп калганын Р-Спорт билдирди.

Химки стадионунун баскетбол аренасында Mix-Fight-Combat версиясы боюнча өткөн мелдеш Нждатаханын биринчи раунддагы нокаутка кетирген соккусу менен аяктады. 

Бул 44 жаштагы Монсондун россиялык жаран алгандан кийинки бул өлкөнүн атынан чыккан алгачкы беттешүүсү болчу. 

Монсон ММА уюмунун алкагында мушташып 57 ирет жеңишке жетип, 24 жолу утулууга дуушар болгон, дагы бир беттешүүдө атаандашы менен тең чыккан. 

Бразилиянын джиу-джитсу мушташы боюнча кара курга ээ болгон мушкер үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында кыргызстандык спортчу Замирбек Сыргабаев менен беттешип утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0