Өспүрүмдөр штанга көтөрүү боюнча күч сынашты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүШтанга көтөргөн адам. Архив
Штанга көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык спортчулар Бишкекте өткөн эл аралык турнирден болгону бир алтын медаль тагынып кайтышты.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 12-16 жаштагы өспүрүмдөр Азия чемпиону Митал Шариповдун элесине арналган оор атлетика боюнча Эл аралык турнирде күч сынашты. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мушкер Азат Үсөналиев нефть чыккан өлкөлөрдүн Кубогунда "күмүш" медалга ээ болду
Мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага Казакстандын эки командасын кошкондо жалпы жонунан 160 спортчу катышты.

Маалыматка ылайык, 44, 48, 51, 56, 62, 69 жана 85 килограммдык категориядагы бардык медалдарды кыргызстандык спортчулар алып кетишти. Казакстандыктар 77 килограммдык салмакта гана бир алтын медалга ээ болушту. 

Айымдардын арасында өткөн таймашта да бардык салмак категориясында кыргызстандык кыздар атаандаштардан тай чабым озуп кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0