Кыргызстандык футболчулар Шериктештик кубогуна Бишкектен даярдык көрүүдө

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчулар машыруу учурунда. Архив
Футболчулар машыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку Советтер Союзунун курамындагы республикалардын турнири 2016-жылдын башында Санкт-Петербург шаарында өтөт.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызсандын футбол боюнча жаштар командасы (U-21) Шериктештик кубогуна Футбол федерациянын талаасында машыгуудан өтүп жатканын федерация билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында командалар чүчү кулак кармаган. Сегиз команда эки тайпага бөлүнүп, "А" тобуна Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Молдова кирсе, "В" тайпасында Латвия, Эстония, Россия жана Тажикстандын командалары беттешмей болду. Турнир 2016-жылдын 14-26-январь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Кыргызстандын улуттук футзалчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футзалчылары москвалык ЦСКАны утуп алды
Ар бир тайпадан финалга чыккан экиден команда плей-офф системасы боюнча ойнойт. Кыргызстандык команданын курамында улуттук командадагы коргоочу Тамирлан Козубаев, жарым коргоочулар Фархат Мусабеков менен Бахтияр Дүйшөбековдор бар.

1993-жылдан баштап турнирге улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү болгон мурунку Советтер Союзу республикаларынын футболдук клубдары катышып келет. 2012-жылдан тарта турнирдин тартиби өзгөрүп, мамлекеттердин жаш футболчулары ойной баштаган. 2012-2013-жылдары Кубок россиялыктарга тийсе, 2014-жылы украиналыктар мыкты аталган. 

Үстүбүздөгү жылдын турнирин оюнга конок катары чакырылган Түштүк Африка Республикасы жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0