Кыргызстандык футболчулар Шериктештик кубогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир тайпадан финалга чыккан экиден команда плей-офф системасы боюнча ойнойт. Кыргызстандык команданын курамына улуттук командадан үч оюнчу кирет.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын командасы Казакстан, Белоруссия жана Молдованын футболчулары менен жыл сайын өтүүчү Шериктештик кубогу үчүн бир тайпада ат салыша турганын Футбол федерациясы билдирди.

21 жашка чейинки футболчулар катышкан турнирдин чүчү кулак кармоо аземи Москвада Футбол үйүндө өттү.

Мында сегиз команда эки тайпага бөлүнгөн. "А" тайпасына Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Молдова кирди. Ал эми "В" тайпасында өз ара Латвия, Эстония, Россия жана Тажикстандын футболчулары беттешет.

Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ФИФА: кыргызстандык команда 80 голдук чектен ашты
Ар бир тайпадан финалга чыккан экиден команда плей-офф системасы боюнча ойнойт. Кыргызстандык команданын курамында улуттук командадагы коргоочу Тамирлан Козубаев, жарым коргоочулар Фархат Мусабеков менен Бахтияр Дүйшөбековдор бар.

Турнир 16-24-январь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтмөкчү. 

1993-жылдан баштап турнирге улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү болгон мурунку Советтер Союзу республикаларынын футболдук клубдары катышып келет. 2012-жылдан тарта турнирдин тартиби өзгөрүп, мамлекеттердин жаш футболчулары ойной баштаган. 2012-2013-жылдары Кубок россиялыктарга тийсе, 2014-жылы украиналыктар мыкты аталган. 

Үстүбүздөгү жылдын турнирин оюнга конок катары чакырылган Түштүк Африка Республикасы жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0