КР өспүрүм баскетболчулары биринчилик үчүн Токмокто күч сынашат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБаскетбол оюну учурунда. Архив
Баскетбол оюну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионаттын биринчи туру эртең башталып, кийинкилери 2016-жылы өтмөй болду. Мелдешке 17 жаштан ашпаган баскетболчулар катышмакчы.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөнүн өспүрүмдөр арасындагы баскетбол боюнча чемпионаты баштала турганын спорттун аталган түрү боюнча федерация билдирди.

Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионатынын жаңы сезону башталды
Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында чемпионаттын ачылышы өтөт. Биринчиликке өлкөнүн 12 командасы катышат. Жаңы сезонго Ысык-Көлдөн жана Бишкек шаарынан эки жаңы команда кошула турганы маалым болду.

Чемпионат үч турдан турат. Биринчиси 5-10-декабрь күндөрү өтсө, кийинки экөө эмки жылы Кара-Балта менен Ош шаарларында болот.

Мелдеш эл аралык эреже боюнча өтөт: Командалар чүчү кулак кармап, "А" жана "В" тайпаларына бөлүнөт. Жеңиш үчүн эки упай, ал эми утулган командага бирден упай кошулат. Алгачкы оюндардын жыйынтыгы менен эки негизги тайпанын лидерлери аныкталат. 

Мелдешке 1998-2022-жылкы спортчулар катышууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0