Футзал боюнча улуттук команданын капитаны Иран же Япония менен бир тайпада ойносом дейт

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын футзал боюнча курама командасынын капитаны Руслан Гафуров. Архив
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын капитаны Руслан Гафуров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө чүчү кулак кармоо бүгүн болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын капитаны Руслан Гафуров чүчү кулактык жыйынтыгы менен бир тайпада Кыргызстан Иран менен Япония менен ойногону максатка ылайык деп эсептейт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Футболчулар машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
АФК футзал боюнча Азия чемпионатында талашка түшчү топту аныктады
2016-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын чүчү кулак кармоо салтанаты бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө болот. Турнирдин финалдык бөлүгү кийинки жылдын 10-21-февраль күндөрү өтмөкчү. Кыргызстандын командасы чемпионатка тандоо турунун жыйынтыгы менен чыкты.

Өз каалоосун Гафуров аталган командалар менен бир тайпада болуп калса алар менен чейрек финалда жолугуу зарылдыгы болбой тургандыгы менен түшүндүрдү. 

"Учурда Азиялык мамлекеттер Дүйнө чемпионатына катышууга аракет кылат. Даярдыксыз бизге аябай оор болот. Команданын баары жарым финалга чыккан топ Колумбияга жолдомо аларын түшүнүп турат", — деди ал.

Буга карабастан Гафуров бир тайпада Кыргызстан Иран, Вьетнам жана Суад Аравиясы менен бир тайпада болорун божомолдойт.

Турнирдин беш мыкты командасы 2016-жылы Колумбияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0