Кыргызстанда паралимпиадалык спортко өзгөчө көңүл бурулмай болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКоляска жана паралимпиада эмблемасы. Архив
Коляска жана паралимпиада эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө паралимпиадалык спорт мыкты өнүгүп жаткан учурда Кыргызстанда спорттун бул түрү дээрлик жокко эсе.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда паралимпиадалык спортко өзгөчө көңүл бурулмай болду. 

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзам долбоорун киргизди. Мекеме өз демилгесин Кыргызстанга майыптардын спорту дээрлик жокко эсе экендиги, алардын ичиндеги спортчулардын саны миңге жетпей турганы тийиштүү объектилердин жоктугу менен түшүндүрдү. 

Майыптап коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майыптар күнүнө карата мэрия спартакиада өткөрөт
Мыйзам долбоор мамлекетти улуттук курама командаларды Паралимпиадалык, Азия оюндарына, Дүйнө жана Азия чемпионаттарына катыштырууга милдеттендирет.

Мында мамлекет тарабынан паралимпиадалык спорттун түрү боюнча жыл сайын Кыргызстан чемпионаттарын жана төрт жылда бир жолу спартакиада өткөрүү каралган. Андан тышкары, мыйзам долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мелдеш болчу жерлерге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдеттендирет.

Негиздемеде майып спортчуларды социалдык коргоого алуу күчөтүлө тургандыгы, мындан тышкары, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө түшкөн каражаттын үч пайыздан кем эмес бөлүгүн жумшоо айтылган. 

Мыйзамга ылайык, орточо эсеп менен паралимпиадалык спортко эки миллион сомдун тегерегиндеги акча бөлүнмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0