Кыргызстандык Ваккер веложарышта 800 чакырым жүрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСпортчулар веложарышта. Архив
Спортчулар веложарышта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган жарыш 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына квалификациялык упай топтоого өбөлгө берет.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык Евгений Ваккер бир нече күнгө созулган Sharjah Tour веложарышына катыша турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Франциядагы жарышка Азиядан бир гана кыргызстандык велоспортчу Ваккер катышат
Жарыш бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинде башталат. Катышуучулар 800 чакырымдык жолду төрт этапта велосипед тээп өтүүсү шарт. Буга 100 профессионалдуу спортчулар катышмакчы. 

Сегиз профессионалдык клубдан тышкары жарышка Гонконг, БАЭ, Бахрейн, Өзбекстан, Алжир, Сауд Аравиясы, Египет жана Марокконун улуттук командалары ат салышат.

Кыргызстандык Ваккер өзүнүн "Kuweit Cycling Project" клубунун намысын коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0